Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай-сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков).
Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков). В.: Көз ачкыча. Көрүнүп турган Үргөнчкө, көз ачкыча барайын («Семетей»). Көз ачымга. Алмамбет, Чубак эр Сыргак, Ошол үчөө болбосо, Калганын көз ачымга койбойбуз («Манас»). Чарт-чурт этип чоң аймакты көз ачымга жарык кылган чагылгандай ал шаардын бир бурчун жаңыртып өттү (Мырзаев). Көз ирмегенче. Дүр тигилип, көз ирмегенче шак тартып ийген уланга кыбасы кана тамшанды (Бейшеналиев). Көз ирмемде. Эдиги көз ирмемде адамдардын бакылдагы чыккан үйгө жетти (Осмоналиев). Ошентип, көз ирмемде Ажар Айнадан ажырап калды (Жоошпаев). Көз ирмемге келбей. Көз ирмемге келбей албеттүү колдор ал экөөнү паравозго тартып алды (Абдукаримов). Агалуу, инилүү экөө бирдей көз ирмемге кыйылыша жетимдикти эскеришти (Бейшеналиев). Ачып көздү жумганча. Айтып оозун жыйгыча, Ачып көздү жумганча («Сейтек»). Андай-мындай дегиче Ачып көздү жумганча («Эр Төштүк). Ачкан көзүн жумганча. Биздин Кийизбай эмне? Ачкан көзүн жумганча кедей болду да калды (Сыдыкбеков).